2022-04-14

Даярдоо курсунун студенттери үчүн окуу жайыбызды тааныштыруу жана маалымат берүү семинары өткөрүлдү


2022-жылдын 28 марттында  Кесиптик окуу жайдын социалдык программалар бөлүмү тарабынан даярдоо курсунун студенттерине семинар өткөрүлдү. Семинарга даярдоо курсунун студенттери активдүү катышып , анда ар бир программанын координатору тарабынан алардын бөлүмдөрү жөнүндө кеңири маалыматтар берилип жана презентациялар жасалды.


Семинардан кийин биздин кесиптик жогорку мектебибиздин өндүрүштүк борборлору, цехтери жана аудиториялары менен кураторлор студенттерди тааныштырып чыгышты.